super.kg logo

Японияда жүздөгөн адамдар күндүн ысыгынан жабыркап ооруканага кайрылышты

 

Японияда жүздөгөн адамдар күндүн ысыгынан жабыркап ооруканага кайрылышты. Бул тууралуу Япониянын Өрт коопсуздугу боюнча башкармалыгына шилтеме берүү менен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, учурда 6 кишинин абалы оор экени такталган. Алар ооруканага он күндөн ашуун убакыт жатып дарылануусу зарыл экени айтылууда. Японияда апрель-май айларындагы ысыктан жабыркаган 181 адам ооруканага кайрылып, 1 киши көз жумган. Жабыр тарткандардын көпчүлүгү 65 жаштан өткөн адамдар. Мындай маалыматты өлкөнүн Өрт коопсуздугу боюнча башкармалыгы айтып чыкты.

Быйылкы жылы аптаптан жабыркагандар боюнча биринчи ирет статистикалык маалымат жарыяланып жатат. Бул башкармалык жыл сайын күн нурунан жабыркагандар жана көз жумгандар тууралуу расмий кабар таратып турат.

Япониянын Токио, Осака шаарларында абанын температурасы +39 градусту көрсөтүп турган. Мындай абал бир нече күнгө созулган. Маалыматка ылайык, Японияда жай айларында күндүн орточо жылуулугу +25... +30 градус деп белгиленет.

2015-жылы ысыктан 105 киши каза болуп, 55 миңден ашуун адам жабыркаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
06.05.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Topcubai, eldar., саламатсыздарбы!
Маалымат толукталды.
06.05.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр эле ушундай болсо анда жайда кандай болот экен?
06.05.2016. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
климат алмашып атат! сибир тропикалык өрөөнгө айланат
06.05.2016. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
39°ка эле ушунчалык болуп атышабы Кыргызстанда 50го чыгып кететко
06.05.2016. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
jalguzum, элуу дебе тормуз бас
07.05.2016. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shef87, 52 не чыккан былтыр орозо маалында бизде( туштук)
06.05.2016. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсиме тушуп кетти; Былтыр кун катуу ысыбадыбы +39 эмес +45 деле болду окшойт Алматыда.
Бирге жумуш иштеген Кара калпак жигиттен сурап калдым -Силерде салкын чыгаар десем, -Тате, бизде кундун аптабында сковородкада жумуртка кууруп жеп атышаттар -деп кулдурду эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: