super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин борбор калаадагы үйү кароосуз калды

 

Кыргыздын туңгуч сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин борбор калаадагы үйү кароосуз калды. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Калаадагы Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүндөгү 122-үй белгилүү сүрөтчү Гапар Айтиевге таандык. Азыр үй кароосуз калып, абалы кейиштүү. Сүрөтчүнүн үйүн тарыхый музейге айландырса жакшы болмок. Тилекке каршы, маданий чөйрөдөгү жетекчилер бул тууралуу ойлонбой жатышат. Дубалдарына ар кандай жарнамалык кагаздар чапталып, өкүнүчтүү абалда турат", - деп билдирди окурман.

Гапар Айтиев 1912-жылдын 28-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылында туулган. СССРдин Эл сүрөтчүсү, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Ленин орденинин кавалери болгон. Гапар Айтиевдин жүздөгөн эмгектери эл арасында белгилүү.

Ал 1984-жылы 72 жашында дүйнө салган.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
06.05.2016. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Квартирант киргизип койсо,анча мынча чыгымын актап турмак.
06.05.2016. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура бироого берип койсо болмок бекер турганча. Ал жак бул жагыны ондоп жашайт беле.
07.05.2016. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кишинин 5 классымда адашпасам омур баянын окудум еле, апасы отуп кетип атасы екоо калса керек еле.Толойкондо жашашкан Маркумдар уну деген китептен.эх кызыгып окудум еле
07.05.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Квартирант деп жон эле суйлой беришет төө десе бээ деп.....Элдер кызык
07.05.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baldary bolgon emespi Gapar Aitievdin? bilgender aityp koiosuzdarby? Uiunun abaly oto okunuchtuu eken:((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: