Баткенде 9 жаштагы окуучуну сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон Өзбекстандын жараны соттун чечими менен абактан бошотулду
Баткенде 9 жаштагы окуучуну сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон Өзбекстандын Равшанжан Касымов аттуу жараны соттун чечими менен абактан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда SUPER.KG порталына Баткен облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, эки тараптын макулдашуусу менен иш токтотулду.
Эскерте кетсек, 16-мартта саат 14:30 чамасында Кадамжай-Айдаркен унаа жолунан автобустун айдоочусу 9 жаштагы баланы сүзүп, ал алган оор жаракаттарынан улам каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Эки тарап эмне деп сүйлөштү, местныйлар жазып койгула.
Башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынган!
Moskva.kg, 3 күн БАН!
mergen4i, оозеки эскертүү!