super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Саясатта кандай иш жүргүзүш керек экенин мектеп, университет программаларына киргизүү керек"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жаштардын бийликке келиши" деген тема талкууга алынды.

Темада автордун "Бийликке келгенге биздин жаштар даярбы? Азыр бийликти жаштарга өткөрүп берип койсо кандай элестетесиңер?" деген суроосуна мындай жооптор болгон:

"Даяр эмес! Убак-убагы менен даяр кадрларды коюш керек".

"Сөзсүз түрдө бийликке жаштарды алып келиш керек. Азыркы бийликтегилерди карап көрсөң жалаң эле карт карышкырлар, СССР доорунан бери келе жаткан. "Элүү жылда эл жаңы" дегендей, жаңыча ой жүгүрткөн, илим-билимдүү жаштар азыр абадай зарыл".

"Албетте, жаштардын бийликке келишин көбү каалайт. Бирок "аталарыбыз" минтип турганда, анын "уулдары" кандай иш алып барат, ал да татаал маселе. Ооба, жаштардын арасында азыркы бийлик башында турган саясатчыларга караганда билимдүү, заманбап ой жүгүрткөндөр көп. Алар бир жагынан гана аксашы мүмкүн, бул - тажрыйба".

"Мисалы, 25 жаштагы депутат болду дейли. Биз ошол 25 жаштагы депутатты 50гө чыкканча багышыбыз керек болуп калат. Ал өзүнө толтура үйлөрдү салдыртып, машиналарды алып, бизнес ачып алып анан элге кичине иштеп бериши мүмкүн".

"Жаштарды алып келип көп болсо 2 жыл бийликке коюш керек да, улам жаңы жаштар менен ордун алмаштырып туруу зарыл. Ажыдаардын үңкүрүнө сүңгүп кетүүгө жол бербеш керек. Саясатта кандай иш жүргүзүш керек экенин мектеп, университет программаларына киргизүү керек. Ошондо бийликке чейин эле жаштар иштин көзүн билип калышат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: