Дем алыш күндөрү өлкөдө 21 өрт кырсыгы катталды
Дем алыш күндөрү, тактап айтканда, 30-31-мартта өлкөдө 21 өрт кырсыгы катталды. ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаевдин айтымында, тилсиз жоодон адам өмүрүнө зыян келтирилген фактылар катталган жок. Айта кетсек, 30-мартта Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 4, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 2 жана Талас облусунда 2 өрт кырсыгы катталды. Ал эми 31-март күнү Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3 жана Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.