super.kg logo
  Спорт  

Бишкек. Футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Достук кубогунда "Дордойдун" командасы жеңишке жетишти (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 7-майда Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасында уюштурулуп, Достук кубогуна арналган эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. "Футбол достук үчүн" долбоорунун алкагында 3-майда белгиленген Эл аралык футбол жана достук күнүнө карата өткөрүлгөн мелдешке Кыргыз Республикасынан жана Казакстандан 8 команда катышты.

Майданда башкы кубок үчүн "Абдыш-Ата" (Кант), ОСДЮСШОР (Шымкент), "Монтажник" (Тараз), РСДЮШОР (Бишкек), "Дордой" (Бишкек), СДЮСШОРТ (Талды-Курган), "Вельвет" (Алматы) жана СДЮШОР 7 (Шымкент) командалары күч сынашты.

4 күн ичинде командалар бири-бири менен өз ара ойноп, жыйынтыгында байге ээлерин аныкташты. Топтогон упайлардын негизинде 1-орунду "Дордой" футболдук клубунун 2003-жылы туулган футболчулардан түзүлгөн курамасы ээледи. 2-орунду Олимпиадалык резервдин балдар жана өспүрүмдөр адистештирилген мектебинин тарбиялануучулары (РСДЮШОР) ээлешти. Казакстандын командаларынан "Вельвет" клубу ийгиликтүү чыгып, мелдештин коло медалын тагынды.

Белгилей кетсек, мелдеште жеңүүчү аталган "Дордойдун" өспүрүмдөр курамасынын 8 футболчусу май айынын аягында Италиянын Милан шаарына сапар тартат. Анда жаш футболчулар "Футбол достук үчүн" долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан форумга катышмакчы. 32 мамлекеттин жаш футболчулары катыша турган форум алкагында алар башка өлкөдөн келген футболчулар менен достошконго, аларга каршы футбол ойноого жана Чемпиондор Лигасынын финалына жандуу күбө болууга мүмкүнчүлүк алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.05.2016. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: