super.kg logo

Шашылыш билдирүү: 9-11-май аралыгында кыргыз жеринде туруктуу эмес аба ырайы сакталып турат

 

9-11-май аралыгында кыргыз жеринде туруксуз аба ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар, 9-майда күндүз, 10-майда жана 11-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетери күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-майда көпчүлүк аймактарда абанын күндүзгү температурасы 8...10° градуска чейин төмөндөп, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…5° суук болору күтүлөт.

Мындай туруктуу эмес аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

7-11-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
07.05.2016. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах билет баарын
07.05.2016. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мүмкүн бир сааттан кийин өзгөрүп кетер
07.05.2016. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мумкун кундогудон суугураак болот.былтыргы жылы деле суук болуп егин,тигиндерди ушук алып дыйкандарга жаман терс таасирин тийгизген.
07.05.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Табигаттын ар кандай кырсыгынан кудай сактасын.
07.05.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллах сактасын.....башкысы тынчылык болсун жергебизде.
07.05.2016. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарын аллах билет бирок сактыкка кордук жок.
07.05.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллал билет бирок ошондой болсо дагы былтыркыдай согуш ардагерлерибиз жамгырда калбаса болду
07.05.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен башка жактан коргом 9 да 29° болот экен анан андан ары жылуу болот деп.Аллах билет ,алдын ала айткан куноо болот.Мумкун аябай жылуу болот.11не чейин жашайлычы ким калп айтат экен коробуз да.Эмнеси болсо да тилсиз жоодон Аллах элими сактасын.Баарын аман бол.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: