super.kg logo

Токтогул суу сактагычынан балыкты мыйзамсыз кармаган жаран жолун тоскон инспекторду сабап салды

 

Токтогул суу сактагычынан мыйзамсыз жол менен балык кармаган жаран Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерин сабап салды. Бул тууралуу аталган инспекциядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 6-майда белгисиз жаран эндемикалык балыктардын түрүнө кирген 60 даана форель, 90 даана карась жана 1 даана толстолобик балыктарын кармап, сатууга алып келе жаткан. Балыктарды Токтогул суу сактагычынан кармап келе жаткан жаран Токтогул шаарында, Азаке көчөсү менен Токтогул көчөсүнүн кесилишинде Токтогул райондук инспекторлоруна кармалган. Аталган жаран инспекторлорго каршылык көрсөтүп, коомдук инспектор А.Абдишовдун денесине оор залака келтирген. Жабыр тарткан инспектор учурда Токтогул аймактык ооруканасына жаткырылган. Андан сырткары айдап жүргөн автоунаага да зыян келтирилген.

Учурда Махабат Атамурзаева аттуу жаранга жогоруда көрсөтүлгөн укук бузуулар боюнча материалдар укук коргоо жана сот органдарына даярдалууда. Мыйзамсыз кармалган балыктар боюнча келтирилген зыяндар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224-токтомунда көрсөтүлгөн такса боюнча эсептегенде, жалпы сумма 148 975 сомду түзөт.

Ысык-Көл форели - 1*2020*60=121 200 сом

Толстолобик - 1*505=505 сом

Карась - 1*303*90=27 270 сом






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
07.05.2016. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жагышыго бир чиновник да
07.05.2016. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бирин олуп бирин кал башаламан.
07.05.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Элге тан калам кичине мыйзамды сыйлаш керекда качан мыйзамды сыйласак алдыга жылыш болот алар мамлекеттин адамдары алар оз милдеттерин аткарып жатат. Откондо Оштода эрежесиз уруш болгондо келген конокторго маданиятсыздыгыбызды корсотуп бир жиндинин артынан аянтчаны коздой желим ботолколорду ыргытып жинди болушту.
07.05.2016. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Башка кылаарга иш жок болсо. Эптеп балык менен жан бакса.. Айла жок сабайт да. Ал инспекторлор дагы адилетсиз болсо керек да. Ким күчтүүгө тийише албай. Ким алсызга асылса керек да...
07.05.2016. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Балыктан башка оокат кылса деле болотго жалкоолонбой .
07.05.2016. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камагыла
08.05.2016. 02:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уурусу кучтуу болсо ээсин доого жыгат болбосоле болду.
08.05.2016. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элге закон чиновниктерге жокпу мыйзам
08.05.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо балык кармаган Махабат деген аялбы, аял эркекти сабап салган болбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: