super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Алайдагы айылдардын биринде таза суу көйгөйү чечиле элек

 

Ош облусундагы Алай районунун Будалык айылында ушул убакка чейин таза суу маселеси чечилбей келет. Эл шор суу ичет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман WhatsApp аркылуу билдирди.

"Жайында, жазында суу алган жердин айланасы тизеге жеткен баткак болсо, кыш мезгилинде көк муз болуп калат. Суу алабыз деп келип колу-бутубуз сынган учурлар болот. Айылда 90 түтүн жашайт. Чоңдорубуз кызматка келерде кат-кат убада кылып, суу чыгарып беребиз дешкен", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
08.05.2016. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин агам 10-классты бүтүп жатканда короого суу киргизген, ошондо 1982-жылдар болуп калат. Ошол суу түтүгү азыр да жакшынакай иштеп турат. Муну эмнеге айтып жатам, агам мектеп окуучусу болуп туруп эч кыйынчылыксыз эле киргизип койгон. Ушундай жаңылыктар чыкса эле кыжалат боло берем, суу чыгаруу ушунчалык оорбу деп.
08.05.2016. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ал кезде азыркыдай пластик түтүктөр жок болчу, темир түтүктөрдү дат басып, чирип, жарылбасын деп смола менен сырдап, сыртынан клеёнка менен ороп чыккан. Жерди 1,5 метрдей тереңдикте казган болуш керек. Кийин алмаштырдыбы же алмаштырган жокпу билбей калдым.
Айтайын дегеним, ынтымактуу болсоңор, биргеликте аракет кылсаңар сууну өзүңөр деле чыгарып алсаңар болот да.
09.05.2016. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
сенин аган даяр сууну бир жарым метр казып алып кирген. Ал жерде болсо таза суу такыр жок тушунсон
09.05.2016. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
rafo80,балким, сиздики да туурадыр, бирок биз бир нерсени моюнга алышыбыз керек, тоодон таш кулап кетсе деле, бак кулап калса деле алып койгондун ордуна өкмөттү, мамлекетти карап отурабыз, качан келип жасап берет деп, таштанды чыгарылбай калса да карап отурабыз,даттанып. Кептин төркүнү ушунда жатат,түшүнсөңүз, а өзүбүз чырпык башын сындыргыбыз келбейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: