super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-МАЙ: Атактуу врач-нарколог, медицина илимдеринин доктору, профессор Жеңишбек Назаралиев 55 жашка толду

 

Бүгүн, 8-майда атактуу врач-нарколог, медицина илимдеринин доктору, профессор Жеңишбек Назаралиев 55 жашка толду. Ал 1961-жылы Кемин районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. 1991-жылдары наркология боюнча мамлекеттик эмес дарылоо борборун ачкан. Ж.Назаралиев илимий негизде дарылоонун эң жогорку технологиясын иштеп чыккан жана анын дарылоо ыкмасы Ден соолуктун Улуттук институтунда (Вашингтон) жана Нью-Иорк университетинин окумуштуулары тарабынан жактырылган. Анын изилдөөлөрү 62 илимий эмгекте көрсөтүлгөн. Жеңишбек Назаралиев 12 патент жана рационализатордук сунуштардын автору. Анын наркология боюнча актуалдуу изилдөөлөрү дүйнөнүн 20дан ашык өлкөлөрүндөгү конгресстерде, симпозиумдарда жана конференцияларда көрсөтүлгөн.

Доктор Назаралиев Жер шарынын бардык континенттеринде болуп, наркомания жана наркобизнеске каршы күрөштөгү алардын оң тажрыйбалары менен таанышкан.

Жеңишбек Назаралиев табият таануу илимдери боюнча Орусия академиясынын мүчө-корреспонденти, психикалык ден соолуктун Бүткүл дүйнөлүк федерациясынын анык мүчөсү.

8-майдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
08.05.2016. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туулган кунунус менен Женишбек байке
08.05.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кыргызстандын атын чыгарып журо беринис
09.05.2016. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп жашап,элдин керегине жарай бериниз.
Туулган кунунуз кут болсун
09.05.2016. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвадан бир аз жургондо Зеленоград деген шаарда 2 жыл алдын иштечумун ошол жерде Бир бейтааныш киши келип сен кайсыл жерден болосун деп сураганда Кыргызстанданмын десем ,О мен Назаралиевке барып дарылангамын десе.Кечинде жумуштан чыгып интернеттен изилдеп анан маалымат алгам бул кишиден.Кубандым бизде да ушундай профессорлор бар экенине
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: