Бийчи Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу "Britain's Got Talent-2016" сынагында калыстарды таң калтырышты

Бийчи Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" тобу "Britain's Got Talent-2016" сынагында калыстарды таң калтырышты. Кыргыз бийчилеринин сахнада өнөр тартуулаганы 7-майда ITV каналы аркылуу көрсөтүлдү.
Алардын бийи 2 бөлүктөн турду. Алгачкысында 4 бийчи колдоруна музыкалык аспапты кармап, роботтун образында бирдей кыймылды көрсөттү. Залдагы элди жана калыстарды бул өнөр менен өзүнө тартып алган бийчилерибиз экинчи бөлүктө ордуларынан туруп, кийинки образды жаратышты. Кыргыз бийчилеринин өнөрүнө көрүүчүлөр ордуларынан туруп кол чабышты.
"Britain's Got Talent-2016" сынагы. Атай Өмүрзаков жана "Тумар КР" калыстарды таң калтырышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
12

http://www.super.kg/media/uservideo/167071/