super.kg logo

"Баңгизат прекурсорлорун сатууга даярдаган" деп шектелип коңшу мамлекеттин жараны кармалды

 

"Баңги каражатынын прекурсорлорун сатууга даярдаган" деген шек менен коңшу мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, май айынын башында тиешелүү кызмат адамдары тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында Бишкек шаарынан баңги каражатынын прекурсорун, тагыраак айтканда, 260 килограмм 20 грамм күкүрт кислотасын сатыкка даярдоого шектелип Өзбекстандын жараны кармалды. Аталган факт боюнча “баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектелип кармалган жарандын буга окшогон кылмыштарга катыштыгы бар же жок экенин текшерүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: