Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы раритет, коллекциялык тыйындарды сатуу боюнча аукцион өткөрөт




Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы раритет, коллекциялык тыйындарды сатуу боюнча аукцион өткөрөт. Бул тууралуу 7-майда банктын басма сөз кызматы маалымдады.
Аукцион ушул жылдын 18-майында саат 16:00дө Бишкекте Улуттук банктын имаратында өтөт. Аталган
иш-чарада коллекционерлер, нумизматтарга арналган атайын алтын жана күмүш тыйындар сатыкка коюлат.
Аукционго жеке адамдар жана юридикалык жактар катыша алат. Эсептешүүлөр нак жана нак эмес төлөмдөр аркылуу жүргүзүлөт. Сатып алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында нак акча менен ошол жерде эсептешүүлөрдү жүргүзүү сунушталат. Аукционго күрөөсүз катышуу мүмкүнчүлүгү каралган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.