super.kg logo

Жалал-Абадда учурда 121 согуш ардагери бар (фото)

 

Жалал-Абад шаарында 9-майда Жеңиштин 71 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

"Согуш талаасына Жалал-Абад облусу боюнча 30 миң жоокер аттанып, анын ичинен 18 миңден ашуун жоокер өз элине кайтпай калган. Учурда облус боюнча 121 согуштун ардагери жана 142 ооруктун катышуучусу калды. Ошондой эле согуштан өмүрлүк жолдоштору кайтпай калган 368 эне бар. Убагында келечек урпактардын эртеңи үчүн кан кечип салгылашкан аталарыбызга таазим кылып, сый көрсөтүп жатабыз. Бул күнү облусубуздун бардык район-шаарларында салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Жалал-Абад шаарында өткөн салтанатта өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгембердиева согуш ардагерлерин, ооруктун катышуучуларын жана шаар тургундарын Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, Өчпөс отко гүлчамбар койду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
09.05.2016. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин шаарымго майрамды жакшы откорушуптур жамгырдан баралбай калдык дасторкону да жакшы экен 100гр жок суулар менен
09.05.2016. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дастарконду жакшы жасаптыр 100 гр жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: