Бишкектеги көк бөрү мелдешинин финалына 5 миңден ашык адам жандуу күбө болууда (фото)













Бүгүн, 9-майда "Аккула" ат майданында Жеңиш күнүнө карата уюштурулган ат оюндары өтүп жатат. Учурда көк бөрү боюнча мелдештин финалында Оштун "Достук" командасы менен Суусамырдын "Сары-Өзөн" командалары ойноп жатышат. 1-бөлүктөн кийинки эсеп азырынча 1:1.
SUPER.KG порталына Улуттук оюндар боюнча дирекциянын башчысы Алмаз Касенов билдиргендей, финалдык оюнга 5 миңден ашык күйөрман күбө болууда. "Ат майдан 3 миң кишиге туураланган, бирок азыр эл орундарга жыш жайгашканын байкоого болот", - дейт А.Касенов.
Белгилүү болгондой, оюнга кирүү үчүн күйөрмандар 100 сомдон билет сатып алышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Аракет кылабыз.