Социалдык өнүктүрүү министрлиги жөлөк пул тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүдө
"КРнын Жөлөк пул тууралуу мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү" тууралуу мыйзам долбоору талкууланууда. КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда ай сайын төлөнүүчү жөлөк пулду аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына 16 жашка чыккыча төлөөнү сунуштоодо. Эгерде үй-бүлөдөгү бала бюджеттик негизде окуса же келишимдик негизде окуган баланын окууга төлөнүүчү акчасын кайрымдуулук фонддору төлөсө, анда ал балдар 18 жашка чейин жөлөк пул алууга укуктуу. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде “Достук” мейманканасында өтүп жаткан тегерек столдо айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

