Гитлердин эстелиги 17 миллион 200 миң долларга сатылды

Улутчул диктатор Адольф Гитлердин чөгөлөп турган эстелиги Нью-Йоркто 8-май күнкү аукционго коюлуп, 17 миллион 200 миң долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Аны италиялык скульптор Маурицио Каттелана жасаган. Бул сумма анын эмгектерине төлөнгөн эң кымбат акча болуп саналат. Алгач аукциондо Гитлердин аталган эстелиги 10-15 миллион долларга бааланып жаткан, бирок күтүүсүздөн белгисиз бирөө скульптордун эмгегин 17 миллион 200 миң долларга сатып алды.
Заманбап скульптура эрежелери менен жасалып, жандуу кишидей элес берилген эстеликте Гитлердин сыйынуу учурунда чөгөлөп турган кези чагылдырылган. Маалыматта аталган эмгек 2001-жылы эле жасалгандыгы айтылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Бул эстеликти башыма урат белем деп айтабыз , бирок акчабыздын эсебин табалбай калсак пиар үчүн ар кандай кадамдарга барат белек. Бирок Кудай сактасын акылсыздыктан.