Бишкекте унаа уурдоого шектелип 30 жаштагы шаар тургуну кармалды
Бишкекте унаа уурдоого шектелип 30 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 21 жаштагы Т.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал 5-май күнү саат 04:00 чамасында Гагарин жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган Дэу Матиз 2 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 30 жаштагы М.А. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.