Кемин районунда 6 жүргүнчүсү менен бараткан унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти. Оор жаракаттардан улам бир жүргүнчүсү ооруканадан каза тапты
Чүй облусуна караштуу Кемин районунда 6 жүргүнчүсү менен бараткан унаа жолдон чыгып, оодарылып кетти. Оор жаракаттардан улам бир жүргүнчүсү ооруканадан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Бишкек-Торугарт унаа жолунун 114-чакырымында орун алган. Анда Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унааны башкарган 1952-жылы туулган Жумабек Т. аттуу айдоочу унаасы менен жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Унаада 6 жүргүнчү болгон, алардын бири 1989-жылы туулган Калбүбү Б. ар түрдүү жаракаттарды алып, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Арадан көп өтпөй ал ооруканадан каза болуп калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.