super.kg logo

СУПЕРСТАН: "Бишкектеги жол тыгынында турсаң, машинаны таштап, жөө эле кетип калгың келет"

 

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Адеби жок айдоочулар" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен жумуштан үйгө Жаш Гвардия бульвары менен кетип баратканда жол тыгынына кабылып туруп калам. Ошол учурда кээ бир чыдабаган айдоочулар тротуар менен айдап кетчү болушту, ошол эле жерде окуучулар ойноп жүрүшөт. Жол коопсуздук кызматы эмнени карап жатканын билбейм. Жакшынакай жол турат, ошол жол менен гана айдагылачы, сураныч".

"Сураныч" деген сөз аларга грамм дагы таасир этпейт! Ошол эл басчу жолго өтө албагыдай кылып бир нерсе орнотсо гана кичине таасир этиши мүмкүн".

"Кыргыз жеринде айдоочулар жөө жүргөндөрдү сыйлашпайт, бирок антейин десең жөө жүргөндөр дагы аман бололу. "Айдоочу жолдун жөө жүрүүчү өтө турган бөлүгүндө жол бериши керек" дегенди үйрөнүп алышып, ой, бир нервге тийишет дейсиң. Бат-бат басып өтүп кетсе болот да. Бир керилип шашпай басышат".

"Азыр жөө жүргөндөрдүн эмес, машиналардын көзү бар, машина келатса эч качпайт. Жөө жүрүүчүлөр чоң жолдо көп жүрсө, айдоочулар айла жок тротуарга салып жүрсө керек да".

"Бишкектеги тыгында турсаң, машинаны таштап, жөө эле кетип калгың келет го. Жөө барсаң эртерээк барасың".

"Ошто бир аз жол бошотуу деген нерсе жогураак. Бир жерге токтоп, кайра чыкканда тура бересиң да кашайып, жол бошотоюн дебейт эч ким. "Өтүп кетейинчи" деп фараңды күйгүзсөң көрмөксөнгө салып коюшат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
10.05.2016. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Беш кол тен эмес, кээ бир айдоочулар сыйлашат жол бошотуп рахматыны айтып суйунуп каласын.
10.05.2016. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
asman0605,ошол айдоочулар чет мамлекетте машина айдап уйронуп келишкенда.
10.05.2016. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир инсан биринчи өзун сыйлаганды үйрөнүш керек өзүн сыйлабаган адам өзгөнү кантип сыйламак эле
11.05.2016. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Бишкектеда стопхам башталбаса болду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: