Мас абалындагы кыргыз кызы Алматы-Куала-Лумпур каттамы боюнча уча турган учактын бортунда чыр салды

Мас абалындагы кыргыз кызы Алматы-Куала-Лумпур каттамы боюнча уча турган учактын бортунда чыр салды. Мунун кесепетинен учак абага көтөрүлө турган убактысынан кечигип учкан. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя май айында катталган. Ички иштер департаментине кайрылуу түшүп, Алматы-Куала-Лумпур багыты боюнча уча турган учакта бир кыздын мас абалда экени маалымдалган. Бул окуя боюнча чара көрүлүп, 2 берененин негизинде административдик протоколдор түзүлгөн. Анын 1994-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны экени белгилүү болду.
Учак туура 45 мүнөткө кармалган.
Алматыда учактын бортунда чыр салган кыргыз кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

1. Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
2. Видео жакшы эле көрсөтүп жатат, интернетиңиздин ылдамдыгынан көз каранды.