"Борбордук мечиттен жарандын велосипедин уурдаган" деген шек менен Казакстандын жараны кармалды

"Борбордук мечиттен жарандын велосипедин уурдаган" деген шек менен Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 39 жаштагы К.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал 4-апрель күнү Гоголь жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан борбордук мечиттен белгисиз адамдар анын велосипедин уурдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Казакстандын Кордай айылынын 20 жаштагы М.Р. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Казакстандан кыргыз жаранын ошентип кармап корсунчу башкача чара колдонот.