super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Эгер Асылбек Жээнбеков Ак үйдөн үч-төрт бөлмөнү бириктирип ээлеген болсо, бул өтө туура эмес көрүнүш"

 

"Эгер Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Ак үйдөн үч-төрт бөлмөнү бириктирип ээлеген болсо, бул өтө туура эмес көрүнүш", - деген пикирин депутат Алмамбет Шыкмаматов SUPER.KG порталына билдирди.

"Жээнбеков бир нече бөлмөнү ээлеп алды" деген маалыматты азыр сизден угуп жатам. Эгер маалымат чын болсо, анда мындай көрүнүш саясий маданияттуулукка да, мыйзамга да жатпайт",- деди Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу SUPER.KG'ге билдиргендей, "Асылбек Жээнбеков Ак үйдөн 3-4 бөлмөнү бириктирип ээлеп алды" деген маалымат чындыкка туура келбейт. "Экс-спикер бир бөлмөсүн тосуп-узатуучу жай, экинчисин эс алуучу бөлмө кылды, өзүнчө даараткана жасады" деген маалымат жалган. Бирок анын 3-кабатка көчкөнү чын. Экс-спикердин бир иш бөлмөсү жана кабыл алуу жайы гана бар", - деп түшүндүрдү И.Нуракун уулу.






Экс-спикер Ак үйдүн 3-кабатына көчтү

А.Жээнбековдун чуу жараткан кабинетине пресс-катчы барып келиптир

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: