super.kg logo

Айылдык кол өнөрчү алтындан ээр, күмүштөн жүгөн жасоону пландоодо

 

Кара-Кулжа районуна караштуу Жетим-Дөбө айылында айылдык кол өнөрчү алтындан ээр, күмүштөн жүгөн жасоону пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда SUPER.KG порталына айыл тургуну Курманбек Сулейкеев билдирди.

"Бул өнөрдү атамдан үйрөнгөм. Бала кезде атам ушундай ат жабдыктарын жасачу. Ошол убактарда эле атама жардам бере баштагам. Ат жабдыктарынын ичинен ээр жасаганды жактырчумун. Кол өнөрчүлүккө кызыгып жүрүп борбордогу кол өнөрчүлүк багытындагы окуу жайда окуп калдым. Окуудан үйрөнгөн тажрыйбаларымды атам менен бөлүшүп, атамдын көп кеңешин алдым. Азыркы убакта ат жабдыктарынын ар кандай түрүн жасайм", - дейт Курманбек Сулейкеев.

"Соңку убактарда алтындан ээр, күмүштөн жүгөн жасап бериңиз деген буйрутмалар түшүүдө. Тилекке каршы, күмүш, алтындан жабдык жасоо татаал. Ошондуктан уулум мен окуган окуу жайда кол өнөрчүлүк багытта билим алып жатат. Келечекте келген буйрутмаларды жасаймын. Азыркы учурда жасаган ат жабдыктарымдын баасы 50 миң сомго чейин бааланат. Айылда жабдыктарды кой, эчкиге алмаштырууну сунушташат", - деп кошумчалады кол өнөрчү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.05.2016. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундайларга колдоо корсотуу керек,келечек муунга откорчу нерселерибиз ушулар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: