super.kg logo

Чүй облусунда 5 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы Сапарбек досунун үйүнөн табылды

 

Чүй облусунда 5 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы Сапарбек досунун үйүнөн табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, дайынсыз болуп жаткан бала 5 күн бою кошуна жашаган дос баласынын үйүндө жашап келген. Сапарбек досунун ата-энесине “Ата-энем айылга кеткен, сиздердикинде жашап турсам болобу?” деп суранганы аныкталды. Баланы ата-энеси издеп жатканын билген кошуналары уулунун дайынын билдиришкен. Учурда бала ата-энесинин жанында экендиги маалым.

Эскерте кетсек, Ак-Жар айылынын Жеңишбек Досбаев аттуу тургуну 12 жаштагы баласы 5-май күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айтып, милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.05.2016. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы болуптурда,эч ким жоголбосунчу!
10.05.2016. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошондо да чалып койуш керекда.Ата энесине.Азыркы балдарга тушунбойсун же тарбия ошондой уйротулгон каяка барып келип атканын сурабайт ата эне.Айрыкча апа козомолдоп туруу керек.Болбосо жаман жолго тушуп кетет эртен эле.
10.05.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
12 жашта болсо переходной возрастка жакындап калган турбайбы .Бул возрастта оспурумдор аябай сезимтал ызакор келишет кичине тилдеп койсон качып кетишет кээ бирлери асынып олуп да алышат балким ата энеси тилдеп койгондур же болбосо классташтары шылдындап койгондур ким билет балам чонойгон сайын мен да ушундайларды окуп алып кыжаалат боло берем .Баардыгыбызга кудайым сабыр берсин.
11.05.2016. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ata enesi uruwup koiso kachyp ketken da
11.05.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын,балдарды тарбиялоо ото жоопкерчиликти талап кылат,себеби мен уч баламды жалгыз бой тарбиялап,башымдан отуп жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: