super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-МАЙ: Мындан 2 жыл мурун сахнага сакалчан аялдын образында чыккан австриялык ырчы Кончита Вурст "Евровидение-2014" Эл аралык сынагын жеңген

 

2014-жылы 10-майда Даниянын борбору Копенгаген шаарында өткөн Эл аралык "Евровидение-2014" сынагынын финалында Кончита Вурст жеңип кеткен. 2013-жылдын 10-сентябрында "Евровидение-2014" сынагында Австриянын атынан Кончита Вурст чыгары белгилүү болгон. 26 өлкөнүн таланттары ат салышкан сынактын калыстар тобу жана көрүүчүлөр жеңишти сахнага сакалчан аялдын образында чыккан австриялык ырчы Томас Нойвиртке ыйгарышкан.

Кончита Вурст Европаны "Rise like a Phoenix" ыры менен багынтып, 290 упай топтой алган. 238 упай топтогон нидерландылык "The Common Linnets" дуэти 2-орунду, 3-орунду 218 упай менен швециялык ырчы Саана Нильсен ээлеген. Орусиянын атынан ат салышкан эгиз кыздар Мария жана Анастасия Толмачёвалар 89 упай топтоп, 7-орунду багындырышкан.

Бул жеңишти бири "толеранттуулуктун жеңиши" десе, бири "түрү сууктар шоусу" деп атаган. Ал эми ансыз да 2012-жылдан бери бул сынакка катышпай келген Түркия Кончита Вурсттун жеңишинен кийин сынакка катышуудан бир жолу баш тарткан. Венгриянын католиктеринин радиостанциясы жеңүүчүнү билген соң трансляцияны токтотуп салган. Чехиянын ММКлары окуяны "Европанын чириши" деп жазып чыгышкан.
10-майдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.05.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
eduardali, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болууну сунуштайм. Билдирүүңүз өчүрүлдү!
10.05.2016. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
идиотизм
10.05.2016. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Va.vasm, сын-пикирлерди тиешелүү дарекке жөнөтүңүз!
10.05.2016. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мунун аты дуйно жузуно данк болгону качан.
11.05.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolotbai4, сын-пикирди admin@super.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: