super.kg logo

Акыркы 10 күн аралыгында өлкө аймагынан жалпы салмагы 228 килограммды түзгөн баңгизат алынды

 

Акыркы 10 күн аралыгында өлкө аймагынан жалпы салмагы 228 килограммды түзгөн баңгизат алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2-майдан 10-майга чейинки убакыт аралыгында баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү боюнча 25 факт катталган. Анын ичинен 1 килограмм 715 грамм гашиш, 6 килограмм 155 грамм каннабис, 24 килограмм 146 грамм марихуана жана баңги каражатынын прекурсорлорунан 196 килограмм 120 грамм алынган. 4-май күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун аймагынан 21 жаштагы К. у. Б аттуу жарандын жеке буюмдарын тинтүү маалында 1 килограмм 30 грамм гашиш табылган. "Табылган заттын болжолдуу баасы 330 миң сомду түзмөк", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми 5-май күнү Түп районунан 27 жаштагы Ч. А. аттуу жаран кармалып, анын жашаган жерин тинтүүгө алуу маалында эки мүшөктүн ичинен жалпы салмагы 23 килограмм 800 граммды түзгөн марихуана табылган. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: