super.kg logo

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы аэропорт 20 жылдан бери иштебейт

 

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарындагы аэропорт 20 жылдан бери иштебейт. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда SUPER.KG порталына Кербен аэропортунун башчысы Мамбеталы Исманалиев билдирди.

"Аэропорт акыркы 20 жылдан бери пайдаланылбай жараксыз абалга келип, иштебей калды. Май куюучу түтүктөр чирип калган.Учак конуучу жол тилкеси бузулган. Турак жайлар аба майданынан 500 метр алыс аралыкта жайгашуусу керек эле, бирок аралыгы бир метр да сакталбай, жер жарандарга турак жай салуу үчүн берилип кеткен. Кээде президент, премьер-министр келгенде тик учак менен конуп, абалды көрүп кетишет, бирок 20 жылдан бери жыйынтык жок. Эгерде аба майданы ишке кирип калса, жүргүнчүлөр 45 мүнөт аралыгында борборго жетип, элге жеңилдик болмок", - дейт М.Исманалиев.

Аталган аэропорт 1978-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Учурда аба майданында 6 адам айлык акы алып иштейт. "Манас" Эл аралык аэропортунун Ош шаарындагы филиалына карайт. Буга чейин ЯК-40, АН-2 учактары конуп, ички каттамдарга учуп келген.

Белгилей кетсек, Кербен шаары борбор калаадан 504 чакырым алыстыкта жайгашкан. Жүргүнчүлөр 9-10 саат жол жүрүп калаага жетишет. Ал эми такси кызматы үчүн жарандар 800 сомдон 1000 сомго чейин жол акы төлөшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.05.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзбектердин чек арасы ошол аэропортко чейин кирип келишип алдыбы
11.05.2016. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ediko85, саламатсызбы!
Ката оңдолду. Рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: