super.kg logo

Москвада химия сабагы боюнча өткөн Эл аралык Менделеев олимпиадасында кыргыз окуучулары коло медалдарга ээ болушту

 

2-8-май аралыгында Москва шаарында (Орусия) химия сабагы боюнча L Эл аралык Менделеев олимпиадасы болуп өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 21 өлкөсүнөн 130 окуучу катышты.

"Себат" билим берүү мекемесинен кабарлашкандай, кыргыз жеринен барган команданы “Себат” Эл аралык билим берүү мекемесинин 7 окуучусу: Дооронбек Маметов, Азизбек Озбеков, Автандил Саиддин, Баяман Базарбаев, Батырбеков Ильяс, Абдыкерим уулу Эржигит жана Гүлнур Абдурашидова түздү. Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Ош шаарындагы “Сема” лицейинин окуучусу Абдыкерим уулу Эржигит жана Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы лицейдин окуучусу Дооронбек Маметов 3-орунду ээлешип, коло медаль менен сыйланышты.

Химия предмети боюнча Менделеев олимпиадасын 1966-жылдан баштап жыл сайын Москва мамлекеттик университети өткөрүп келет. Бул олимпиадага Кыргыз Республикасынын атынан “Себат” билим берүү мекемелеринин окуучулары 1997-жылдан баштап катышып, бүгүнкү күнгө чейин 24 медалга ээ болушту. 2015-жылы Менделеев олимпиадасында Таластагы “Манас-Ата” лицейинин окуучусу Темирлан Кубаналиев 3-орунга ээ болуп, коло медаль менен сыйланган.

Менделеев олимпиадасынын жеңүүчүлөрү химия предмети боюнча дүйнөлүк International Chemistry Olympiad олимпиадасына жолдомо алышты. Химия предмети боюнча дүйнөлүк олимпиада 2016-жылдын июль айында Грузиянын Тбилиси шаарында өтөт. Кыргыз мамлекетинин атынан бул олимпиадага 4 окуучу даярданууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
11.05.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматтар !!! Ийгилик силерге.
11.05.2016. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Себат жок болсо КР деги билим денгеелин элестетиш кыйын
11.05.2016. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: