Экс-спикер Асылбек Жээнбеков үчүн Ак үйдөн 3 бөлмө берилгени аныкталды
Ак үйдүн 3-кабатындагы 321-бөлмө экс-спикер А.Жээнбековдун кабылдамасы. Бул кабылдама аркылуу анын кенен (322-323-бөлмөлөрдөн бириктирилген) иш бөлмөсүнө кирүүгө мүмкүн.
Ак үйдүн 3-кабатындагы 321-бөлмө экс-спикер А.Жээнбековдун кабылдамасы. Бул кабылдама аркылуу анын кенен (322-323-бөлмөлөрдөн бириктирилген) иш бөлмөсүнө кирүүгө мүмкүн.
322-бөлмө
323-бөлмө
324-бөлмөнүн эшигинде "Жогорку Кеңештин иш башкаруучусунун орун басары Нурбек Кадыров" деген жазуу турат. Бирок Нурбек Кадыров 1-кабатка көчкөнү белгилүү болду.
Жогорку Кеңештин экс-спикери Асылбек Жээнбековго Ак үйдөгү 3-кабатынан 3 бөлмө берилгени аныкталды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу билдирди.
Анын айтымында, Жээнбековдун карамагында учурда эки бөлмө бар. "Биринде өзү отурат, экинчиси - анын кабылдамасы. Жээнбеков отурган бөлмө мурдагы эки чакан бөлмөдөн (322-323-бөлмөлөр - ред.) бириктирилип оңдолгон. Ал эми өзүнчө даараткана жана эс алуучу жайлары жок", - деди Ибраим Нуракун уулу.
Айта кетсек, "даараткана жасалат" делген 324-бөлмөдө "Жогорку Кеңештин иш башкаруучусунун орун басары Нурбек Кадыров" деген жазуу турат. Бирок Нурбек Кадыров 1-кабатка көчкөнү белгилүү болду.
Экс-спикер Ак үйдүн 3-кабатына көчтү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:54
2025-11-18
22:40
2025-11-18
15:55
2025-11-18
9:35
2025-11-18
8:59
2025-11-18
Рейтинг:
-3
-3
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















