Өлкөдө социалдык жөлөк пул алгандардын 78 пайызы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар
Кыргызстанда жөлөк пул алгандардын 78 пайызын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде "КРнын Жөлөк пул тууралуу мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү" тууралуу мыйзам долбоорун талкуулаган тегерек столдо белгилүү болду. Кыргызстандагы Социалдык-экономикалык изилдөө борборунун маалыматына ылайык, чоңдордун арасындагы майып адамдардын саны жана ата-энесинен ажыраган балдардын саны улам өсүүдө. Мунун негизги себеби иштеп жаткан жердеги шарттын начардыгы, экологиянын таасири жана жакырчылык болууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

