super.kg logo

Бишкекте күйөөсүн жиликтеген келиндин сот иши: "Агам окуяга чейин аялы менен ажырашкысы келип жатканын билдирген" дейт маркумдун бир тууганы

 
Маркумдун бир тууган иниси Шерлан Оркошев.
Айыпталуучу Айдай С.

Бүгүн, 11-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган 26 жаштагы С.Айдайдын иши боюнча соттук отурум өтүүдө.

Соттук отурумга күбө катары маркумдун бир тууганы Шерлан Оркошев чакырылды. Ал суроолорго жооп берип жатып, каргашалуу окуяга чейин агасы айыпталуучу менен ажырашкысы келип жатканын билдиргенин айтты.

Мен бир тууганым менен 12-августта акыркы жолу сүйлөшкөм. 13-августта апам мага телефон чалып, Эрландын телефондору өчүк болуп жатканын айтты. Ошол күнү саат 19:00 чамасында жеңем менен байланышып, агам келе электигин аныктадым. 14-август күнү кайра жеңеме телефон чалдым, агам дагы деле келбептир. Мен ага тынчсыздана баштадым. Кийин иниме чалып, агамды өзүбүз издейли деп сүйлөштүк. Биз жеңеме бардык, ал үйдүн алдынан тосуп алды. Жеңем экөөбүз агамды жумушуна кетчү жолдун баарынан карап издедик. Иним балдарды карап унаанын ичинде калган. Арадан көп өтпөй жеңем жана 2 баласы болуп биздин үйгө бардык. Ал жактан мен милиция кызматкерлерине арыз менен кайрыла турганымды айткам. 15-августта милицияга арыз жазып барганымда, алар мага таштандыдан адамдын колу менен буту табылганын айтышты. Агамдын колунун бир бармагы сынык болчу, мага көрсөтүлгөн колдун бармагы да сынык экен, бирок мен бул жөн гана дал келүү деп койдум", - деди Ш.Оркошев.

Анын айтымында, арадан көп убакыт өтпөй Ю.Фучик атындагы көчөдөн таштандыдан белгисиз адамдын башы табылган.

"Мен да ал жерге барып, пакеттин ичиндеги башты көрүп, ал агамдын башы экенин түшүндүм. Ушундан кийин мен жана башка туугандарым суракка чакырыла баштады. Агамдын бардык дене мүчөлөрү табылган жок. Анын аялы ал убакыт аралыгында биздин үйүбүздө жашап жатты. Кийин тергөөчүлөр мени чакырып, жеңемдин таксисттер менен сүйлөшкөн үнүн аныктап берүүнү суранышты. Мен барып үнүн таанып, аныктап бердим. Кийин агамдын үйү экинчи ирет тинтүүгө алынды, ошол күнү жуунуучу жайдын ичинен ваннанын астынан канга боёлгон чүпүрөк, ошол эле жерден кызыл линолеумга чапталып калган адамдын терисин таап алдым. Менин бир тууганым спорт менен машыккан адам болчу. Аны аялы аркасынан келип бычак менен сайганда ал өлүп калышы мүмкүн эмес эле, ал агам Эрлан уктап жатканда өлтүргөн деп ойлойм”, - деди маркумдун бир тууганы Ш.Оркошев.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(21)
11.05.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жакшыбы жаманбы, суйуп баш кошкон, ошончо жыл тутун булаткан, чогуу жатып, чогуу турган адамга кантип колу барды? Андай эле жашагысы келбесе талагын сурап же жон кетип калса деле болмокго же созсуз жиликтеп салгандан башка арга калбады бекен? Эхх эси жок аял балдарын атасыз жетим калтырган.
11.05.2016. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Shaa-82,атасыз,озу камалды энесиз да осот го балдары...((Аллахым ыйман,ынсап,бактылуулук берсинчи элиме...Мындай шумдуктуу окуялар болбосун...
11.05.2016. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Балдарынын бетин кантип карайт чонойсо!
11.05.2016. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аа эмне учун мен олтургон эмесмин мен жон гана таштандыга чыгаргам деп жатат жанында шерик болгон го
11.05.2016. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол куну балдары кайда болду экен бул таштандылап жургондо
11.05.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Буну ошол кичинекей болгон аял ОЗУ кылды деп такыр ишене албайм ,шериги болсо керек деп ойлойм ,просто аялы озу гана мойнуна алып алды да ,чоон килейген адамды кантип жиликтейт эгер озу кылган болсо сразы эси ооп да калышы мумкун
11.05.2016. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аял врач болсо керек эле калп айтпасам.
11.05.2016. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
chingizhan01,туура айтасыз келин медти бутконэкен,медиктер жестокий болушат озу,а бирок жан шериги,балдарынын атасы кантип колу бардекен.
11.05.2016. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кантип жиликтегенге колу барды малды жиликтее атса да журогун оруп кетет бул оз куйоосун.
11.05.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошо менен сот эмне чечимге келди, же дагы жылдырылдыбы?
11.05.2016. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Korkup ketem elestetip alyp Kudayim osu saktasynda.
11.05.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ажырашып эле кетсе болмок... Аттин ай...
12.05.2016. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу ажырашам десе эч кимге ыраа корбой ушуну кылды бекен? Кызганыч деген да жаман оору да
12.05.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Күйөөсүн жиликтеп койгон аял психический жактан оорулу имиш, адамдар менен көп сүйлөшпөй, окуу жана окуу болуп жүрүп эрге тийген экен. Акыры ушундай болуптур.
12.05.2016. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Respect.,имиш дегин
12.05.2016. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии кудай ай эмне деген заман болуп атат
12.05.2016. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйундо башка да адам болсо керек, озу жалгыз кыла албайтго
12.05.2016. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин кошуна Эже озунун куйоосун бычак менен сайып олтургон экен, кийин 6 айдан кийин самозащита деп акталып чыккан . Бул окуяга окшош экен жиликтеп салганы эле болбосо
12.05.2016. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дени соо адамдын колунан мындай мыкаачылык келбейтко,психический ооруса керек бул кыз
14.05.2016. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ бул аял канча жылга кесилди же не даны жылдырылдыбы соту билсениз айтынызчы
14.05.2016. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ОЗУ эле жасаса керек себеби биро куйосун олтуруп жатса неге жашырмак .и неге таштандыга ыргытмак.Эгер соту адылетту чечпесе.Аллах жазасын берет и куйоосу тынч уктатпайт го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: