super.kg logo

Ош-Бишкек унаа жолунда катталган жол кырсыгында айдоочу жана жүргүнчү каза тапты

 

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарындагы Ош-Бишкек унаа жолунда катталган жол кырсыгынан айдоочу жана жүргүнчү каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 10-май күнү Ош-Бишкек унаа жолунун 405-чакырымында орун алган. Анда оор жүк ташуучу ДАФ унаасы менен Степвагон Спада үлгүсүндөгү унаалар бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада Степвагон Спада унаасынын 1992-жылы туулган Ж. у. Нурсултан аттуу айдоочусу ооруканага жетпей каза болгон. 1994-жылы туулган Рысбек К. аттуу жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болуп калган. 1992-жылы туулган К. у. Каныбек аттуу жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып, Кара-Көл шаарынын ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар каза болгон жана жаракат алган адамдарды унаадан алып чыгып, "Тез жардам" кызматынын унаасына салып беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
12.05.2016. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каза болгондордун жакындарына конул айтам,сабыр кылыныздар эми пендечилик.Негизи степ айдагандар ракета минип алышкансып эле зуулдап катуу айдашат.Секин журсо мындай иш болмок эмес.Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун...
12.05.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта-бардыгы жаш балдар экен жакындарына конул айталы акыркы кундору ушунда нерселерди эле окуп калдык эл журт мындай каттуу жамгырда алыс жолго мумкун болсо чыкпай эле коюнуздарчы
12.05.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Степвагон Спада унаасында бара жаткандар Бишкектен Жалал-Абадка досунун уйлонуу тоюна бара жаткан балдар болчу. Каза болгон Рысбек биздин айылдашыбыз эле. Байкуш ата-энеси кан жутуп кала беришти. Каза тапкан балдардын жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.
12.05.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озу бизге асфальт жолдор жарашпайт.Асфальттын баарын сыйрып шагыл тошош керек.Анан жанын эмес машинасын аяшып секин айдап калышат.Женил унаа встречкага чыкса эптеп качасын а мына камазистердин мээси мээби же эмне тушунбойсун жолдун ортосуна чыгып алып катуу айдашат бурулуш же мосттордун устундо всречкага чыгып алышат.Сабыр ата -энелерине.
18.05.2016. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нур-Султан менен Каныбек менин агаларым :( экоо тен жок,Нур-Султан агам окууну бутмок дипломдук ишин даярдап жаткан, а Каныбек агам дипломун колуна кармаганына 1 айдын чамачы болуп калды эле. Куздо экоо тен уйлонушмок ,
18.05.2016. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аварияга чейин 15 мунот мурун Нур-Султан акем Багымдат намазын окууган дешен жаан жаап турса да ,
бензовозду айдаган киши адамдык сапаты жок экен конул айтып уйго келгенди айтпай эле коёюн телеф-н чалбат биз озубуз чалып жатабыз, ал дагы деле эркиндикте журот :(
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: