Өзгөн районунда катталган жол кырсыгынан атасы менен кызы каза болду

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда катталган жол кырсыгынан атасы менен кызы каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 10-май күнү Бишкек-Ош унаа жолунун 634-чакырымында Өзгөн районунда орун алган. Анда оор жүк ташуучу МАН үлгүсүндөгү унаа менен Хундай ГЕТС үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, анын кесепетинен экинчи унаанын 43 жаштагы Шералы Маматов аттуу айдоочусу жана Шералы кызы Асел аттуу кызы ооруканадан каза табышкан. Ал эми айдоочунун аялы Каныкей жана Шералы уулу Темирлан аттуу баласы оор жаракаттарды алган. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар унаага кыпчылып калган адамдарды алып чыгып, ооруканага жеткиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Бир бүтүн үй-бүлө бир заматта ойрон болду..