Мавлян Аскарбеков: "Бишкекте жерлердин мыйзамсыз сатылышына мэрден башка да адамдар жооп бериши керек"
“Бишкек шаарындагы мыйзамсыз сатылып жаткан жерлер үчүн бир гана шаар мэри Иса Өмүркулов эмес, Бишкек шаардык башкы архитектура, Мамлекеттик каттоо кызматы сыяктуу бир катар мекемелер да жооп бериши керек",- деп билдирди бүгүн, 1-апрелде маалымат жыйында “Эркин эл” партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков. Айтымында, мэрия тарабынан айтылып жаткан “жерлер мыйзамсыз сатылган жок” деген сөз чындыкка туура келбейт. “Биздин партияга шаар тургундары кайрылып жатышат, алар жерлердин, аянттардын көчөлөрдүн сатылышына каршы”,- деп кошумчалады ал. Ал билдиргендей, жакында бул терс көрүнүштү токтотуу максатында коомдук угуу өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

