Алматы-Куала-Лумпур каттамы боюнча уча турган учактын бортунда чыр салган мас абалдагы кыргыз кызына 43 миң сомдон ашуун айып пул салынды

Алматы-Куала-Лумпур каттамы боюнча уча турган учактын бортунда мас абалында чыр салган кыргыз кызына 212 миң теңге (43 300 сом) айып пул салынат. Бул тууралуу жергиликтүү массалык маалымат каражаттары полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 8-майда саат 00:55 чамасында аталган аба каттамы менен уча турган учактын бортунда орун алган. Анда мас абалдагы кыздын айынан учак абага көтөрүлө турган убактысынан 45 мүнөт кечигип учкан. Кийин кызды полиция кызматкерлери алып кетүүгө келгенде аларды да сөгүп, баш бербей чыр салган. "Учакта чыр салган кыз 212 миң теңге өлчөмүндө айып пул төлөп же 120 сааттык коомдук иштерге тартылып жазаланат", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Ички иштер департаментине кайрылуу түшүп, Алматы-Куала-Лумпур багыты боюнча уча турган учакта бир кыздын мас абалда экени маалымдалган. Бул окуя боюнча чара көрүлүп, 2 берененин негизинде административдик протоколдор түзүлгөн. Кийин чыр салган кыз 1994-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны экени аныкталган.
Алматыда учактын бортунда чыр салган кыргыз кызы



1. Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 5 күн БАНга!
2. Видео жакшы эле көрсөтүп жатат, интернетиңиздин ылдамдыгынан көз каранды.
жардам чакыр...
Кыз үйдөн чыкпаса эле жакшыраак болот окшойт Кудай буйруса .