super.kg logo

Бишкекте уулунун ак жерден соттолгонун айтып чыккан эне ачкачылык акциясын улантууда

 

Кечээ, 11-майда Мырзайым Токобаева жана Гүлсүн Турсуналиева аттуу жарандар нааразычылык акциясына чыгып, ачкачылык жарыялашкан. Алар Нуркемел Искендеров менен Айткожо уулу Тимур ак жеринен камалып кетишкенин айтып чыгышкан. Жабырлануучулардын бири уулунун мыйзамсыз 14 жылга кесилип кеткенин айтып, Бишкек шаардык сотунун судьясы Жаңыл Мамбеталиеваны жоопко тартууну талап кылган. 2 айым бүгүн да ачкачылык акциясын улантып, Ак үйдүн алдында отурушат. Алар бийликтен жардам сурап жатышат.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Соттун басма сөз кызматы ачкачылык жарыялаган аялдын маалыматын четке каккан. "Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2015-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү менен Нуркемел Искендеров күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажыратылган. “Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” 2014-жылдын 27-январындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, белгиленген жазанын төрттөн бир бөлүгү кыскартылган. Жазасын күчөтүлгөн тартипте түзөтүү абагында өтөөсү белгиленип, жаза өтөө мөөнөтү 2014-жылдын 26-январынан баштап эсептелинген", - деп айтылат маалыматта.

Жогорку Сот Искендеровго карата өкүмдү судья Жаңыл Мамбеталиева чыгарбаганын да кошумчалаган.






Энелер ачкачылыкты улантышууда

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
12.05.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Байкуш Апаларыбыз аман болушсунчу баласы учун олумго.да даряр
12.05.2016. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Чындыкты жазайын деймин бирок банга тыгып койотда. Менда анан суперге ачкачылык жарыялап отурбайын мени бандан чыгаргыла деп
12.05.2016. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балдары не себептен камалган экен жаза кетиниздер супер инфо
12.05.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zara__, саламатсызбы!
Кабардагы шилтеме аркылуу өтсөңүз себебин окуй аласыз:
Маалыматка таянсак, Нуркемел Искендеров №47-абактын башчысынын орун басарына кол салууга шектелген. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2015-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү менен күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылган. Райондук соттун чечимин шаардык сот да күчүндө калтырган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: