Жаңы конуштагы 16 үйдү түртмөк болгон мэриянын алдына митингчилер чогулушту





Бишкектин четиндеги Керемет, Рухий-Мурас, Кырман жаңы конуштарынын тургундары Бишкек мэриясынын алдына митингге чыгышты. Алар жашаган жерлерине Кызыл китеп берүүнү талап кылышууда.
Керемет жаңы конушунун жашоочусу Айна Жумагулованын айтымында, 2007-жылдан бери шаардык бийликке кайрылуу болгону менен, майнап чыкпай келет. "Кечээ үйдү мыйзамсыз салынган деп түрттүргөнү келишиптир. Мэрия бизге айтпай эле Мыскал Кенжетаева дегендин жери деп чечим чыгарган. Учурда 16 үйдү түрттүрөбүз дешүүдө", - дейт ал.
Мэрияга келген митингчилерге эч ким жолукпай койду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

эч нерсеге карабай турттуруп салсын,башкаларына сабак болот,ойлонушат!