super.kg logo

"Керемет конушунда 7 үйдү түрттүрүү боюнча Жогорку Сот чечим чыгарып берген" дейт акимиаттын өкүлү

 
Руслан Шарапов баштаган акимиаттын өкүлдөрү эл менен жолугушууда.
Бишкек шаардык мэриясынын турак жай департаментинин директору Самарбек Болотбеков элге маселени түшүндүрүп жатат

Бишкектин четиндеги Керемет, Рухий-Мурас, Кырман жаңы конуштарынын тургундары Бишкек мэриясынын алдына митингге чыгышты. Биринчи Май районунун акиминин орун басары Руслан Шарапов аларга жолугуп, маселе акимиат аркылуу чечилиши керек экенин айтты.

"Мэриянын алдына келгениңердин кажети жок. Мен чечип берем. Керемет жаңы конушу документ боюнча Достук кичи району болуп аталат. Жогорку Соттун чечими менен аталган жерде 7 турак үй сүрдүрүлүшү керек. Негизи, жер бөлүштүрүү башынан туура эмес болгон. Учурда ушул боюнча териштирип жатабыз", - деди ал.

Тургундар болсо бул жерлердин басылып алынбаганын, 2007-жылы жерлерди сатканда ишеним кат кошо беришкенин айтышууда. Жер Мыскал Кенжетаева аттуу аялдын атына жазылган. Алар бүгүнкү күнгө чейин Кызыл китеп алыша элек. 11-майда үйлөрдү түрттүрүү үчүн өкүлдөр барган соң гана тургундар мэрияга кайрылууну чечишкен.

Буга катар жашоочулар менен Бишкек шаардык мэриясынын Турак жай департаментинин директору Самарбек Болотбеков жолугуп, үйлөрдү түрттүрүү соттун чечими менен болгонун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
12.05.2016. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошоло Керемет конушунда негизинен карапайым элдер жашашат.Биздин бийлик бир гана карапайым элге кучу жетет.Болбосо Ататюрк паркында бак дарактарды кыйып мыйзамсыз салынган байлардын хан сарайларын сурдурушпойбу.
12.05.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бийлик мээсин иштетип, чек ара маселесин, региондорду өнүктүрүү программаларын ишке ашырганда Бишкекти эптемей үйлөр, сапаты жок конуштар каптабайт эле. Эми калыбына келтирүү к-п жылды талап кылат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: