super.kg logo
  Спорт  

Азия чемпиондугуна катыша турган футбол боюнча өспүрүмдөр курамасы Бишкекте 3-ирет машыгуу сборун өтүп жатат

 

Бүгүн, 12-майда Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр курамасынын машыгуу сбору башталды. Машыктыруучу Самат Сүймалиев курамга 24 футболчуну чакырды. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты. Машыгуу сбору 20-майга чейин уланат.

Маалыматка ылайык, курамда төмөнкү футболчулар бар:

Дарбазачылар: Эльгард Сычев ("Живое пиво" клубу), Эржан Токотаев ("Дордой"), Кроха Вадим (РСДЮШОР), Прядкин Андрей (РСДЮШОР).

Коргоочулар: Жакып Алиев ("Абдыш-Ата"), Амантур Шамурзаев ("Дордой"), Малик Айтбаев ("Абдыш-Ата"), Максат Жакыбалиев (РСДЮШОР), Дмитрий Максаков (РСДЮШОР), Алибек Анарбеков ("Дордой"), Алмазбек уулу Эрназ (РСДЮШОР), Алтай Асанкожоев ("Дордой").

Жарым коргоочулар: Азамат Мелисбеков (РСДЮШОР), Жеңишбек Сыдыков ("Абдыш-Ата"), Эмир Шыгайбаев ("Абдыш-Ата"), Арлен Шаршенбеков ("Дордой"), Ислам Межитов ("Абдыш-Ата"), Максат Алыгулов ("Талас").

Чабуулчулар: Орозбек Тимур уулу ("Абдыш-Ата"), Гүлжигит Алыкулов ("Дордой"), Гүлжигит Бөрүбаев ("Дордой"), Азирет Момошев ("Дордой"), Адияр Сагыналиев (РСДЮШОР), Ырыскелди Артыкбаев ("Дордой").

Кошумчалай кетсек, өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугу ушул жылдын 15-сентябрында старт алып, 2-октябрда жыйынтыкталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: