ЖЫЛНААМА, 13-МАЙ: Мындан 95 жыл мурун Ысык-Көл аймагында айтылуу “Каркыра” базары ачылган

1921-жылы 13-майда Совет бийлиги жакынкы коңшулары менен соода-экономикалык мамилени жакшыртуу максатында Ысык-Көл аймагында айтылуу “Каркыра” базарын ачкан. “Каркыра” базары Каракол шаарынан 80 чакырым узактыктагы айтылуу Каркыра жайлоосунда орун алган. Жазма булак маалыматтарына караганда, Каркыра жайлоосу нукура кыргыздын жери эсептелинип, базарга келген соодагерлер да кыргыз жерине жана кыргыз базарына бара тургандыгын кабарлашкан.
“Каркыра” базары 1916-жылга чейин иштеп, 1916-жылкы көтөрүлүш айынан жана Совет бийлигинин орношуна байланышкан оор саясий кырдаалга байланыштуу убактылуу жабылган. Каркырадагы биринчи советтик жарманке зор салтанат менен ачылып, ага советтик бийлик өкүлдөрү менен кытайлык соодагерлер катышкан.
13-майдын жылнаамасы.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.