super.kg logo

Ысык-Ата районунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча кылмышка шектүү катары кармалгандар жергиликтүү тургундар болуп чыкты

 

Ысык-Ата районуна караштуу Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринен 24-мартта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 3 аялдын иши боюнча кылмышка шектүү катары кармалган 6 адам жергиликтүү тургундар болуп чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 6 адам 11-май күнү кармалган. Алардын ичинен 1995-жылы туулган Ш.Е. жана Л.А. Ысык-Ата районунун 2 тургуну "3 аялды өлтүргөн" деген шек менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми кылмышка катыштыгы бар, аталган райондо жашаган Ысык-Көл облусунун 1998-жылы туулган К.Н., Б.Э., 1996-жылы туулган Г.А. жана П.И. аттуу тургундары суракка алынууда. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Айта кетсек, бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Каза болгон аялдардын экөө эже-сиңди, ал эми үчүнчүсү үй ээсинин 24 жаштагы кош бойлуу кызы болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
13.05.2016. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаш балдар артын ойлобой акчага кызыкты го.
13.05.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бирден экиден оотурушчу эле азыр семейный 3-5 тен олтуруп жатышат.Ошого окшогондорду омур бою эркинен ажыратыш керек башкалар кылбай турган кылып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: