super.kg logo

Борбор калаанын бир катар мектептеринде Энелер күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлөт

 

Борбор калаанын жалпы билим берүү мектептеринде Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-майда №46-жалпы билим берүү мектебинде жана 16-май күнү №93-орто мектебинде Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында Баатыр энелер, Ооган согушуна жана Баткен окуяларына катышкандардын энелери даңкталып, аларга майрамдык салтанат тартууланмакчы. Мындан тышкары жалпы билим берүү уюмдарында чыгармачылык жолугушуулар, класстык сааттар жана ардактуу коноктордун катышуусунда концерттер да өткөрүлмөкчү.

Айта кетсек, Энелер күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылдагы жарлыгы менен май айынын ар үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.05.2016. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Энелерге эмне кылсак да аз мындай иш- чаралар коп болсо жакшы болмок. Баарыбыздын энелерибиз аман болсун.Иш чаранын уютуруучуларына Аллах ыразы болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: