"Евровидение-2016" сынагынын финалына Латвия, Грузия, Украина жана 7 өлкөнүн катышуучулары өтүштү (видео)
Швециянын Стокгольм шаарында "Евровидение-2016" Эл аралык ырлар сынагынын экинчи жарым финалынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Калыстардын добуш берүүсүнүн негизинде эртең, 14-майда болчу финалга Латвия, Грузия, Болгария, Австралия, Украина, Сербия, Польша, Израиль, Литва, Бельгиядан келген катышуучулар өтүштү.
Эми финалда 26 катышуучу: биринчи жана экинчи жарым финалдан өткөн 20 катышуучу жана үй ээси Швеция, "беш чоңдукка" кирген (сынактын негиздөөчүлөрү жана башкы демөөрчүлөр) Улуу Британия, Германия, Испания, Италия, Франциянын өкүлдөрү ат салышат.
Эске салсак, 10-майда болуп өткөн биринчи жарым финалда 18 өлкөдөн келген катышуучулар арасынан 10 өлкөнүн ырчылары финалга өтүшкөн.
Бул сынакта мекендешибиз Жийдеш Идирисова да эл аралык калыстар тизмесине кирип, сынакка катышып жаткан 43 өлкөнүн катышуучуларынан өзү мыкты деп эсептеген 10 катышуучуну тандап берген. Бул тандоо финалда жеңүүчүнү аныктоого таасир этет. Ал эми Беларусь өлкөсүнүн атынан сахнага энеден туума жылаңач чыкмай болгон Ivan (Александр Иванов) кийимчен эле чыккан, бирок финалга өтө алган эмес.
Евровидение 2016. 2-жарым финал. Лаура Тесоро (Laura Tesoro) - Whats The Pressure (Бельгия)
Евровидение 2016. 2-жарым финал. Жамала - 1944 (Украина)
Евровидение 2016. 2-жарым финал. IVAN - Help You Fly (Беларусь)
Евровидение 2016. 2-жарым финал. Поли Генова (Poli Genova) - If Love Was A Crime (Болгария)
Евровидение 2016. 2-жарым финал. Nika Kocharov & Young Georgian Lolitaz - Midnight Gold (Грузия)
Евровидение 2016. Франческа Микьелин (Francesca Michielin) - No Degree Of Separation (Италия)

Аталган сынакка Австралия өлкөсү да катышат.
Австралиянын столицасы "Канберра"
Австриянын столицасы "Вена"