super.kg logo

Аксы районунун Кызыл-Туу айыл аймагында акыркы 20 жылдан бери бир дагы социалдык курулуш курулган эмес

 

Аксы районунун Кызыл-Туу айыл аймагында акыркы 20 жылдан бери бир дагы социалдык курулуш курулган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда SUPER.KG порталына Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы Болот Төрөбеков билдирди.

"Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан 1400 кожолукта 7000 калк жашайт. Айылыбызга акыркы 20 жылдан бери мамлекет тарабынан бир дагы социалдык курулуштар курулган эмес. Айылыбызда балдар бакчасы жок, ошол себептен улам 400дөн ашуун наристе балдар бакчасына барбайт. Бала бакча курууга 70 сотук жер бөлүнүп берилген, бирок каражат маселесине байланыштуу ал иш жүзүнө ашырыла элек. Бул маселе менен район акимине кайрылганбыз, аким тийиштүү мекемелерге кайрылып жатат, бирок жылыш жок. Келечек муунубуз техникалык прогресстен артта калып жатат", - дейт Б.Төрөбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.05.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Илгерки бала бакчаны сактап коюш керекда сатып жибербей. Жаны курулган окмоттун имаратынын экинчи кабатынан эски бала бакчанарга коз салып отура бергиле эми...
13.05.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mister,бул жерде карапайым эл күнөөлүү эмес. Аны оол кездеги бийликтеги жеп жутарлар жок кылган.
13.05.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көбүнчө айылдардагы бала-бакчалар ошол айылда жашаган бирөөлөргө эле сатылып кеткен. Биздин айылдагы бала-бакчаны дагы үй кылып жашап алышкан.
13.05.2016. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айылдын чыгаан балдары, бизнесмендери куруп иштетсе болчудай бизнес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: