Өткөн суткада өлкөдө 6 өрт кырсыгы катталып, Сокулук районундагы турак жайлардын биринен үй оокаттары күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Сокулук районуна караштуу Новопавловка айылындагы Совет көчөсүндөгү турак жайлардын биринен өрт чыккан. Анда үйдүн 30 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, 2 даана сыналгы, диван, кресло, 2 даана кир жуучу машина, муздаткыч, сервант, кийим-кечелер, палас күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.