super.kg logo

1-майдан баштап илимий даражасы бар мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү

 

1-майдан тарта окумуштуулук даражасы (илимдин кандидаты, доктору) бар жогорку билимдүү мектеп мугалимдери академиялык магистр даражасындагы мугалимдерге бекитилген айлык акынын эсебинде маяна алышат. Бул тууралуу бүгүн, 13-майда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп мугалимдеринин айлыгы иштеген саатына жана мугалимдин билим деңгээлине жараша (орто адистик билим, академиялык даражасы бар жогорку билим, адис (5 жыл окуу) же бакалавр, магистр) төлөнө баштайт.

"Биз мугалимдердин айлыгын 50 пайызга жана башталгыч класстардын мугалимдеринин айлыгын 80 пайызга жогорулаткан учурда "советтик диплому" (5 жылдык жогорку билим) бар жана окумуштуулук даражасы бар мугалимдер министрликке кайрылып алардын маянасын жогору коюу сунушун айтышты. Министрлик бул боюнча мыйзамды демилгелеп, өкмөт менен макулдашкандан кийин парламентке чыгарат. Азырынча өкмөттүк деңгээлде окумуштуулук даражасы бар мугалимдердин айлыгын жогорулатуу тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле 1-майдан тарта мектепке чейинки окуу жайдын логопед мугалимдеринин айлык акысы да 25 пайызга көбөйтүлдү", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.05.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жаңылык!
13.05.2016. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1-майдан баштап менин да айлыгым көтөрүлдү Кудай буйруса. Оюма да келген эмес ушунча айлык алам деп. Россиянын айлыгы керек эмес :)
Кыргызстанда жашап, кыргыз элиме кызмат кылганды Кудайым насир этсин.!
13.05.2016. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вай медиктердин да айлыгы которулсо жакшы болмок
13.05.2016. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники качан которулот???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: