super.kg logo

Ош педагогикалык институту "Шериктеш мугалим" долбоорун ишке ашырды

 

Ош шаарында "Шериктеш мугалим" аталышындагы салттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда SUPER.KG порталына Ош педагогикалык институтунун мугалими Акылай Наркеева билдирди.

"Бул долбоор шаардагы Ак-Буура орто мектебинде экинчи ирет өтүп жатат. Буга чейин Уркуя Салиева атындагы мектепте өткөрүлгөн. Мындан ары шаардагы башка мектептерде да уюштурууну колго алып жатабыз. Студенттер 8-класстан 11-класска чейинки окуучуларга тарбиялык сааттарды жана өз адистиги боюнча программадагы сабактарды беришти. Бул иш-чаранын башкы максаты - студенттерди өз кесибине мыкты адис кылып даярдоо", - деп билдирди А.Наркеева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.05.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Шериктеш мугалим" болгондо практикага барган студенттер жөнүндө кеп болуп жатабы? Андай болсо, өзү жаңыдан педагог катары калыптанып келе жаткан студентти жогорку класстарда эмес, 5-8 чейинки класстарда өткөртсө болмок экен.
15.05.2016. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай нерсе илгертен эле бар да, педпрактика деп аталчу го.4-5-курста мектептерге практикага чыгышат, күзүндө, кышында. Анан мунун эмнеси жаңычылдык, аталышыбы...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: