super.kg logo

"Пирамида" телеканалы Бишкекте 25 жылдыгын салтанаттуу түрдө белгиледи (Фоторепортаж)

 

Бүгүн, 13-майда Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде "Пирамида" телеканалынын 25 жылдыгын белгилөө салтанаты өттү. Иш-чарага телеканалдын жетекчилиги, эмгек жамааты, аларды куттуктап келген Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтердин өкүлдөрү, ошондой эле атайын чакырылган коноктор катышты.

Кечени телеканалдын жетекчиси Нурзада Токтогулова ачып, андан кийинки сөздү телеканалда көп жылдан бери эмгектенип келген кызматкер Кымбат Калыкназарова улантты. Ал конокторго ыраазычылыгын билдирип: "Пирамида" телеканалынын алгачкы берүүсү 1991-жылы 30-декабрда эфирге чыккан. Учурда телеканалыбызга жаңы жетекчилик дайындалып, өнүгүү жолуна кадам шилтеди", - деди.

Телеканалдын эмгек жамаатын куттуктап келген КРнын Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева: "Пирамида" телеканалы 25 жылдан бери коомдун күзгүсү болуп келе жатат. Жетпеген элдин үнүн бийликке жеткирип, массалык маалымат каражаттарынын арасында ордун тапты", - деди.

Иш-чаранын алкагында телеканалдын 25 жылдыгын куттуктап келген эстрада жылдыздары да жагымдуу ырлары менен куттуктап, кеченин конокторуна өнөрлөрүн тартуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.05.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сариева "коомдун күзгүсү" деп ашыра мактап жиберген го. Бул телеканалдын кыргызча берүүлөрү барбы (жаңылыктарды кошпогондо, мен көрө элекмин),бир да жарк эткен программасы эсимде жок, мурда кечки саат 6-7лерде бир берүүсү болчу, дин жөнүндө (кайсы дин экенин билбейм, божомолумда баптисттер же Свидетели Иеговы тууралуу), анан жаман-жуман кинолорду көрсөтчү. Азыр кандай экенин билбейм, бирок күзгү эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: