super.kg logo

"Ак илбирс" Улуттук киносыйлыгында "Сүтак" тасмасы бардык номинациялар боюнча сыйлыктарды илип кетти (тизме)

 

Бүгүн, 13-майда “Манас” кинотеатрында V “Ак илбирс” Улуттук киносыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

Аземдин башталышында 2015-жылдын алгачкы тасмасы “Бир тууганчик” "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон тасма" номинациясы менен сыйланды. Тасманын режиссёру Данияр Болотбеков: “Биз кинону тартып баштаганда мындай ийгиликтерге жетебиз деп ойлогон эмеспиз, болгону көрөрмандарды кубанталы деп максат койгон элек”, - деп билдирди.

"Ак илбирс" сыйлыгын бардык номинациялар боюнча "Сүтак" тасмасы илип кетти.

Эң мыкты монтаж – “Сүтак” тасмасы, Элдияр Мадаким

Мыкты көркөм сүрөтчү – “Сүтак” тасмасы, Адис Сейталиев

Мыкты үн режиссёру – “Сүтак” тасмасы, Мурат Ажиев

Мыкты композитор – “Сүтак” тасмасы, Мурзали Жээнбаев

Эркектин мыкты ролу – “Сүтак” тасмасы, Табылды Актанов

Аялдын мыкты ролу - “Сүтак” тасмасы, Анара Назаркулова

Мыкты оператор - “Сүтак” тасмасы, Талант Акылбеков

Мыкты сценарий - “Сүтак” тасмасы, Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров

Мыкты режиссёр - “Сүтак” тасмасы, Мирлан Абыкалыков

Мыкты тасма – “Сүтак” тасмасы, режиссёру Мирлан Абдыкалыков, продюсери Садык Шер-Нияз

Мыкты даректүү тасма – “Дети чистоты”, режиссёру Гузель Дүйшөнкулова

Мыкты кыска метраждуу тасма – “Кольцо”, Бакай Үсөналиев

Борбор Азиядагы мыкты тасма – “Дом для русалок”, режиссёру Елкун Тойчиев, Өзбекстан

Кыргыз кинематографиясына кошкон зор салымы үчүн белгилүү кинооператор, кинорежиссёр Нуртай Борбиев, ошондой эле атактуу актриса Наталья Аринбасарова сыйланышты. Залдагылар залкарларды сыйлоо учурунда ордуларынан туруп, дүркүрөтө кол чабышты.

Актриса Наталья Аринбасарова: "Кыргыз жерин, кыргыз элин жакшы көрөм. Бул жер менен чыгармачылыктагы кызыктуу, көңүлдүү, татаал күндөрүм байланышкан. Тасмага тартылып бүтүп, кетип жатканда бир бөлүгүмдү таштап кетип жаткандай болчумун, ыйлачумун. Сиздерди кайра көрүп жатканыма абдан кубанычтамын, сыймыктанам. Кыргыз жеринде шедеврлер жаратылган. Дагы да жаралат. Чыгармачылык ийгиликтерди каалайм. Баары үчүн рахмат! Бүгүн кечке сиздердин араңыздарда жүрүп, мени жакшы көргөн адамдар көп экенин сезип, бактылуу болуп жүрдүм", - деди өз сөзүндө.

Ошондой эле "Сүтак" тасмасында "Эркектин мыкты ролу" сыйлыгын жеңип алган актёр Табылды Актанов: “Мен киного кеч келдим, бирок сыйлыкты эрте алып жатам. Баарыңыздарга ыраазычылык”, - деп кубанычы менен бөлүштү.






"Ак илбирс" кино сыйлыгы

Белгилүү кинооператор, кинорежиссёр Нуртай Борбиев сыйланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.05.2016. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак илбирс ,Кыргызстандын сыймыгы.
14.05.2016. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кантип эле бир эле кино баардыгын утуп кетет, "Сүтак" деген кандай кино өзү, бир көрүш керек экен, чын эле ошого татыктуубу татыктуу эмеспи?!
14.05.2016. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Татыктуу болгон учун Германиянын кинотеатрларында коюлуп, эл аралык сыйлыктарды утту да, мисалы Ника ж.б.
14.05.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сутак жакшы кино сонун тартылган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: